"Президенттик шайлоодо атаандаштык болобу?" Абактагы саясатчы Жээнбеков суроо салды
Айрым саясатчылар келаткан президенттик шайлоодо азыркы президент Садыр Жапаров менен ат салыша турган талапкерлер азырынча чыкпай жатканына көңүл бурууда. Президент соңку интервьюсунда Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин, шайлоого катышам дегендерге шарт түзүлөрүн айткан.
